ИБРАЕВ Эсенгул: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ИБРАЕВ to ИБРАЕВ Эсенгул)
 
(Айырма жок)

03:29, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИБРАЕВ Эсенгул (16. 3. 1934, Нарын облусу, На­рын району, Чет-Нура айылы – 5.7. 2005, Биш­кек) – Кыргыз эл акыны (2003). КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2007).

Нарын педагогикалык окуу жайын (1952), КМУнун журналис­тика факультетин (1961) бүтүргөн. 1961–87-жылдарда «Чалкан» жур­налында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу секретарь, башкы редактор­дун орун басары, башкы ре­дактор болуп иштеген. Ырла­ры ж-а сатиралары 1952- жылдан жарыялана баш­таган. «Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-жылы жарык көргөн. «Таң шоокуму» (1970), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б. 20дан ашык китеби чыккан. «Таң шоо­куму», «Ичиң күйсө» ж. б. сатиралык ыр жый­нактарында кызмат абалынан кыянаттык м-н пайдаланган мансапкорлорду, жегичтерди, эки жүздүү кошоматчыларды сынга алган, тамсил­деринде образ түзүү үчүн каймана ыкманы че­бер пайдаланган. «Эсенгулдун ырлары» жый­нагындагы «Керкашка менен Суркашка» там­силинде шайлоо темасына кайрылган. Ибраев бал­дар адабиятында да жемиштүү эмгектенип, бир нече китеби жарык көргөн. Ибраевдин поэзиясы тили­нин жатыктыгы, ыргактуулугу, ойдун терең­диги м-н айырмаланат. Ал А. Фет, В. Маяков­ский, Р. Гамзатов, К. Кулиев, Е. Винокуров ж. б. акындардын чыгармаларын кыргызчага котор­гон. Анын айрым чыгармалары немис, поляк, орус, украин, казак, өзбек, түркмөн тилдерине которулган. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчиктин (Женева) алтын медалы м-н сый­ланган (2006). Нарын шаарындагы мектепке ысмы берилген.