ИБРАИМОВ Султан: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИБРАИМОВ to ИБРАИМОВ Султан) |
(Айырма жок)
|
03:39, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАИМОВ Султан [20. 9.1927, Чүй району, Алчалы (азыркы Ибраимов) айылы – 4. 11. 1980, Чолпон-Ата шаары, сөөгү Бишкекке коюлган] – мамлекеттик ж-а партиялык ишмер.

Фрунзе гидромелиорация окуу жайын (1949), Ташкент айыл чарба, ирригация ж-а механикалаштыруу инженерлер институтун (1955) бүткөн. Чүй райондук сугат системасы башкармасында гидротехник, Кыргыз ССР ИАнын суу чарба институтунда кенже илимий кызматкер (1955– 57), Кыргызстан КП БКнын инструктору (1957–59), Кыргызстан КП Аламүдүн райкомунун 2-секретары (1959–61), Кыргыз ССР суу чарба ж-а мелиорация министри (1961–66), Кыргызстан КП БКда секретарь (1966–68), Кыргызстан КП Ош обкомунун 1-секретары (1968–78), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген (1978–80). СССР Жогорку Советинин (8– 10-чакырылышынын) депутаты. СССРдин, анын ичинде Кыргызстандын жалпы экономикасын өнүктүрүүдө зор салым кошкон. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган. Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине ысмы берилип, Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн аллеясына эстелиги орнотулган (1998).
Ад.: Шарипова С. Белые лебеди в чёрный день. Б., 1996.