ИДЕАЛ (адабиятта): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИДЕА́Л</b> (фр. ideal, гр. idta – ой, түшүнүк) – а д а­б и я т т а бийик максат | <b type='title'>ИДЕА́Л</b> (фр. ideal, гр. idta – ой, түшүнүк) – а д а­ б и я т т а бийик максат жөнүндөгү түшүнүк, көркөм чыгармада берилген эстетикалык сапат; коом­дук турмуштун бардык тармагына мүнөздүү, терең социалдык мааниге ээ көрүнүш. Көркөм адабияттагы идеал коомдук тарыхый кырдаалдарга ылайык болуп, доордун мүнөзүнө карап өзгөрүп турат. Мисалы, «Манас» эпосундагы элдик идеал эр­дикке, баатырлыкка байланышат да, Манас ошол идеалдын алып жүрүүчүсү катары эсептелет. Олжобай м-н Кишимжан сүйүүнүн, сүйүүдөгү эркиндиктин идеалы деп саналат. Көркөм чыгармачылык­тын мыкты үлгүлөрүндө берилген идея же ай­рым каармандар эл күткөн идеалдын алып жүрүүчү­сүнө айланып калат. Мисалы, «Болот кантип кур­чуду» романындагы Павел Корчагиндин, «Би­ринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн образы – май­тарылбас эрктин, күрөшүүчүнүн, максатына жетүү үчүн жасалган каармандыктын үлгүсү, башкача айтканда идеал болуп саналат. Коомдук өнүгүүнүн ар бир доору өзүнүн идеалын талап кылат, ал мезгилдин талабына ылайык түзүлөт, убакыттын өтүшү м-н өркүндөйт, же кандайдыр бир таасирлер­ден улам кыйроого учурайт. | ||
чыгармада берилген эстетикалык сапат; коом­дук турмуштун бардык тармагына мүнөздүү, терең социалдык мааниге ээ көрүнүш. Көркөм | |||
турат. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:29, 12 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИДЕА́Л (фр. ideal, гр. idta – ой, түшүнүк) – а д а б и я т т а бийик максат жөнүндөгү түшүнүк, көркөм чыгармада берилген эстетикалык сапат; коомдук турмуштун бардык тармагына мүнөздүү, терең социалдык мааниге ээ көрүнүш. Көркөм адабияттагы идеал коомдук тарыхый кырдаалдарга ылайык болуп, доордун мүнөзүнө карап өзгөрүп турат. Мисалы, «Манас» эпосундагы элдик идеал эрдикке, баатырлыкка байланышат да, Манас ошол идеалдын алып жүрүүчүсү катары эсептелет. Олжобай м-н Кишимжан сүйүүнүн, сүйүүдөгү эркиндиктин идеалы деп саналат. Көркөм чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрүндө берилген идея же айрым каармандар эл күткөн идеалдын алып жүрүүчүсүнө айланып калат. Мисалы, «Болот кантип курчуду» романындагы Павел Корчагиндин, «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн образы – майтарылбас эрктин, күрөшүүчүнүн, максатына жетүү үчүн жасалган каармандыктын үлгүсү, башкача айтканда идеал болуп саналат. Коомдук өнүгүүнүн ар бир доору өзүнүн идеалын талап кылат, ал мезгилдин талабына ылайык түзүлөт, убакыттын өтүшү м-н өркүндөйт, же кандайдыр бир таасирлерден улам кыйроого учурайт.