ВАРЬЕТЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАРЬЕТ́Е (лат. varietas – ар түрдүүлүк, аралаш) – ар кыл театр жанрларынан турган сахна чыгармасынын бир түрү. В-де эстрада, цирк, музыка, хореография жанрлары синтездештирилип, бир көркөм сахна чыгармасы (спектакль) жаралат. 1720-ж. Парижде ачылган «Варьете» театрынын атынан келип чыккан. В. Спектаклдери оюн-шоок, көӊүл ачуу мүнөзүндө болгон. В. программасына бир актылуу пьесалар, ырчы аткаруучулар, көркөм окуу, бийчилер, музыканттар, акробаттар, жонглёрлор, көз боёчулар кирген. В. театрынын өнүгүү мезгили болгон 1920–30-жылдарда Парижде М. Шевалье, Ж. Беккер өздөрүнүн актёрдук талантын көрсөтүшкөн.