ГИДРОТЕХНИКА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОТЕ́ХНИКА (гидро... ж-а техника) – илим ж-а техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деӊиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу ж-а гидротех. курулмалардын жардамы м-н суу кырсыгынан сактануу маселелерин камтыган тармагы. Г. колдонмо илим катары гидравлика, гидромеханика, гидрология, гидрогеология, кыртыш механикасы, курулуш механикасы, инж. геология ж. б. илимдерге таянат ж-а суу чарбасын тейлөөчү инж. илимдердин татаал комплекси болуп эсептелет. Гидротех. курулмаларды долбоорлоо ж-а констр-лоо, куруу ж-а пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгат. Г. энергетика, ирригация муктаждыктары, о. эле суу м-н камсыз кылуу үчүн плотина м-н шлюздун, суу шилендисине каршы курулманын жаӊы типтерин, дарыя агымын жөнгө салуу ыкмаларын, ГЭСтин оригиналдуу констр-сын иштеп чыгат; курама-бетон курулмаларынын жаӊы констр-сын түзөт. Г. гидрология, гидромеханика, гидравлика сыяктуу суу ж-дөгү илимдерге таянат.
Ад.: Берг В. А. Основы гидротехники. Л., 1963; Гидротехнические сооружения/Под ред. Н. П. Розанова. М., 1978.