ГИЛЕЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИЛЕ́Я (гр. Hel | – токой) – Түш. Америкадагы, негизинен Амазонка д-нын алабындагы нымдуу тропиктик токой. Көп ярустуулугу, түргө, о. эле лиана ж-а эпифиттерге өтө бай болгондугу м-н өзгөчөлөнөт. Терминди 1820-ж. А. Гумбольдт сунуштаган. Г-да баалуу дарак өсүмдүктөрү (мис., какао, гевея) көп кездешет. Г. дайыма ысык ж-а нымдуу климаттык шартта өскөндүктөн, биол. ритмдин сезондуулугу анча байкалбайт. Кеӊири мааниде бүт континенттердеги нымдуу тропик токойлору Г. деп аталат.