ГИМНАСТИКА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИМНА́СТИКА (гр. gymnastikе – көнүктүрөм, машыктырам) – ден соолукту чыӊдоо, адамдын кыймыл жөндөмдүүлүгүн өрчүтүү үчүн методикалык ыкмалар м-н атайын тандалып алынган физ. көнүгүүлөр системасы. Г. м-н машыгуу адамдын дене-боюн ар тараптан өрчүтүп, кыймылдын ийкемдүүлүгүн жакшыртат, шамдагай ж-а чыдамкай болууга тарбиялайт. Г-лык көнү-

гүүлөр бүтүндөй организмге, о. эле айрым булчуӊдар ж-а органдарга, булчуӊ топторуна таасир этет. Г-лык көнүгүүлөр адамдын жынысына, жашына ж-а физ. даярдыгына жараша сунуш кылынат. Г-лык көнүгүүлөр б. з. ч. 3 миӊ жыл мурда эле белгилүү болуп, байыркы Кытайда ж-а Индияда дарылоо максатында, байыркы Римде ж-а о. кылымда кээ бир Батыш Европа өлкөлөрүндө аскердик дене тарбия системасында колдонулган. Азыркы учурда Г. ден соолукту чыӊдоо, спорттук ж-а колдонмо, эркин, көркөм Г., акробатикалык (к. Акробатика) болуп бөлүнөт. Ден соолукту чыӊдоо багыты – денени тарбиялоого арналган. Колдонмо Г. – өндүрүштүк, кесиптик, аскердик, спорттук ж-а дарылоо багытында жүргүзүлөт. Г. б-ча Кырг-ндын туӊгуч cпорт чеберлери: Г. Чокоева, Н. Корнецких, Р. Акрамов ж. б. Кырг-нда Г-нын өнүгүшүнө Г. Штрассер, В. Финогенов, Г. Мухамедвалиевдер чоӊ салым кошушкан. КМДАда Г. б-ча сабак өтүлүп, атайын кафедрада ил.-методикалык иштер жүргүзүлөт, машыктыргычтар даярдалат. Г. б-ча балдардын адистештирилген спорттук бөлүмдөрү, мектептер бар.
М. К. Саралаев.