ГИПОФИЗ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИПО́ФИЗ (гр. hypjрhysis – өсүндү, урчук) – омурткалуу жаныбар ж-а адамдын гормондорду жөнгө салуучу ички секреция бези. Ал баш сөөктүн түрк ээрчеси сымал чуӊкурунан орун алган. Организмдин түрүнө, анын жашына ж-а физиол. абалына жараша Г. түрдүү салмакта, көлөмдө ж-а формада болот. Г. алдыӊкы (бездүү), ортоӊку (аралык) ж-а арткы (нервдүү) бөлүктөргө бөлүнөт. Алдыӊкы бөлүгүнүн функциясы өтө татаал. Организмдин өсүү, көбөйүү, негизги зат алмашуу процесстери анын нормалдуу функциясына байланыштуу. Г-дин экстрактынан 7 гормон бөлүнүп алынган. Өсүү гормону тканда болуп жаткан биохим. процесске түздөн-түз таасирин тийгизет. Анын арбын бөлүнүшү бойдун ашкере өсүшүнө (гигантизм), ал эми аз иштелип чыгышы өспөй калууга (эргежээлдикке) алып келет. Калгандары башка бездердин гормондору аркылуу таасир этет. Ал гормондорго адренокортикотроп, тиреотроп, гонодотроп ж. б. кирет. Г-дин гормондорунун хим. түзүлүшү аныкталган, көбү синтезделип алынган. Алар эндокрин ж. б. ооруларда колдонулат. Г-дин секрециясынын бузулушу ар кандай ооруларга чалдыктырат. Анын функциясы сырткы чөйрөнүн шартына байланыштуу. Г-дин эндокриндик функциясын өзгөчө нейрогумор затын иштеп чыгуучу гипоталамус башкарат.