ГИТЛЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИ́ТЛЕР (өз фамилиясы Шикльгрубер) Адольф (20.4.1889, Австро-Венгрия, Браунау – 30.4.1945, Германия, Берлин) – фашисттик диктатор; Германиянын улутчул-соц. партиясынын жол башчысы (1921-жылдан

фюрер), 1933–45-ж. рейхсканцлер, 1934-жылдан президенттик пост м-н бириктирип алган. 1941-жылдан герман куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. Германияда фашисттик-террордук режимди орнотуп, саясий атаандаштарынын бардыгын «узун бычактар түнүндө» (1934) жок кылган. Экинчи дүйнөлүк согушту түздөн-түз баштоочулардын бири, 1938-ж. Австрияны аншлюстаган ж-а Чехословакиянын Судет обл-н басып алган. Польшаны басып алуу үчүн Сов. Союзу м-н кол салышпоо тууралуу пактыга кол коюп (1939), аны бузуу м-н 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салууну уюштурган. Оккупацияланган аймактарда согуш туткундарын ж-а жерг. элдерди массалык түрдө кырып жоюунун (өзгөчө еврейлерди) негизги уюштуруучуларынын бири. Сов. аскерлердин Берлинге кириши м-н өзүн-өзү өлтүргөн. Нюрнберг процессинде Г. негизги нацисттик кылмышкер катары аныкталган.