ГЛОБАЛДАШУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЛОБАЛДАШУУ, а а л а м д а ш у у – «кансыз согуштан» кийинки, улуттук экономикалардын дүйнөлүк өндүрүш м-н жуурулушунан келип чыккан маалыматтык ачыктыкка, технол. жаӊыланууга, товарлардын жүгүртүлүү мейкининин кеӊейишине, капиталдарды либералдаштырууга, ил.-тех. рев-янын жетишкендиктери м-н жалпы адамзаттык билим арсеналына таянган Бирдиктүү дүйнө системасын түзүү ж-дөгү саясий түшүнүк. Ааламдашуу процесси мурдагы марксисттик таптык интернационалдашуудан айырмаланат. Эл аралык мамилелерде мамлекеттер бири-бири м-н өз ара жалгыздап катнашуучу дипл. каналдар мурдагыдай данакердик күчүн жоготуп бараткандыгы, ички ж-а тышкы экономиканын, саясаттын ортосундагы чектин улам барган сайын жоюлуп жатканы, бардык катышуучуларга тийиштүү бирдей эреже аракеттене баштаганы, экон., саясий, маданий мамилелер бир кылка мейкинди көздөй – «аалам айылына» (М. Маклуэн) чогуу бет алышы Г-нун учурдагы тенденциясын сүрөттөйт. Ааламдашуунун маӊызын толугураак ж-а тереӊирээк түшүнүү үчүн анын булактарын ж-а таасирлерин көрсөтүү зарыл. Алар төмөнкүлөр: 1) бул транспорттун ж-а коммуникациянын агымын тездеткен технол. прогресс (интернет, санарип технологиясы ж. б.); 2) экономиканы ж-а сооданы либералдаштыруу м-н эл аралык экономикадагы эркин катнаштарга ж-а андагы бир жактуу үстөмдүктү жоюуга жетишүү; 3) дүйнөлүк саясий системанын өзгөрүшү, өлкөлөрдүн саясий түзүлүштө бир жактуулукту, окшоштукту көздөй ыкташы; 4) технол. прогресстин натыйжасында эл аралык экон. уюмдардын ишмердигинин болуп көрбөгөндөй кеӊейиши ж-а алардын таасиринин күчөшү; 5) көптөгөн өлкөлөрдө рынок экономикасынын бирдей моделине өтө башташы (а. и. социалдык коргоого багытталган рынок экономикасы); 6) массалык маалымат каражаттарынын бирдей идеологияны чагылдырышы. Тарых тастыктап жаткандай, ааламдаштыруунун оӊ ж-а терс таасирлери бар. Дүйнөлүк цивилизациянын, дүйнөлүк бүтүндүктүн, биримдиктин келип чыгышы Г-нун оӊ таасири катары, ал эми ошол бүтүндүктүн бөлүктөрүнүн ортосунда орун алган кагылышуулар, ар кандай тирешүүлөр Г-нун терс таасири катары, тагыраак айтканда конфликттер булагы катары чечмеленүүгө тийиш.
Т. Абдылдабеков.