ГОЛЛАНД УЮ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОЛЛА́НД УЮ – сүт багытындагы уй породасы. Голландияда жерг. уйларды узак жыл бою жакшыртуунун негизинде чыгарылган. Фрисланд, гронинген ж-а рейнизель деп аталган түрлөрү кийин өзүнчө үч породага айланган. Бул уй негизинен кара ала, өркөчүнүн бийикт. 136 см, көкүрөк курчамы 220 см, дене уз. 168 см. Инегинин салмагы 550–600 кг, букасыныкы – 900–1000 кг. Ар уйдан жылына 4500 кг, айрымдарынан 13000 кг сүт саалат. Сүтүнүн майлуулугу

3,95–4%. Бул породанын эӊ мыкты уйлары Голландиянын Фрисландия провинциясында болгон. Россияга 18-к-дын башында алып келинген. Анын сүттүүлүгү ар уйдан 4225 кг, майлуулугу 4%. Г. у. Нидерланд, АКШ, Англия, Германия, Швеция, Жаӊы Зеландия, Италия ж. б. өлкөлөрдө кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө холмогор, карала, тагил, бестужев, Кырг-нда олуя ата уюн чыгарууда пайдаланылган.