ГОЛЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОЛЛЬ Шарль де (22. 11. 1890, Лилль – 9. 11.1970, Коломбе-ле-Дёз-Эглиз) – фр. мамл., аскердик ж-а саясий ишмер; Франциянын президен-

ти (1958–69). Мугалимдин үй-бүлөсүнөн. Сен-Сир аскер окуу жайынан, кийин Париждеги Жогорку аскер мектебинен окуган. Биринчи дүйнөлүк согушка (1914–18) катышкан. 1937-ж. чейин негизинен аскердик-окутуучулук ж-а штабдык кызматтарда эмгектенген. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Г. аскердик стратегия ж-а тактика маселелери б-ча иштейт. Немец баскынчылары Парижге басып киргенде, Г. Улуу Британияга кетип, ал жерден 1940-ж. 18-июнда радио аркылуу бүткүл Франция элине кайрылып, фашисттерге каршы күрөшкө чакырган. Ошол эле жылы «Эркин Франция» патриоттук кыймылын уюштурган. 1941-ж. Француз улуттук к-тин, 1943-жылдан Алжирде негизделген Француз улуттук-боштондук к-тин жетектеп, Франциянын Убактылуу өкмөтүн түзгөн. Франция оккупанттардан бошотулган соң, 1944–48-ж. премьер-министр болуп шайланган. Согуштан кийин Г. Француз элинин биримдиги партиясын негиздеген. 1949-ж. Г. Франциянын президенти болуп шайланып, бирок 10 айдан кийин өзүнүн ой-максаттарын турмушка ашырууга президенттин ыйгарым укуктарынын чектелүү экендигин түшүнгөндөн кийин постту таштап кетет. Г. Франция саясий-экон. кризисти башынан кечирип жаткан учурда (Алжир согушу, бийлик кризиси), 1958-ж. 21-декабрда өз тарапкерлеринин талабы м-н кайрадан Франция Респ-нын президенттигине шайланат. Г-дун тушунда Франция күчтүү мамлекетке айланат. 1966-ж. Франция НАТО блогунан чыккан. Ички саясатта өлкөдө күчтүү президенттик башкаруу формасын киргизген. 1969-ж. 28-апрелде референдумда (Сенатты кайра куруу ж-а Франциянын адм.-айм. түзүлүшүнүн реформасы ж-дөгү маселе б-ча) өкмөттүн саясатына Франция элинин бир бөлүгү нааразылык билдирген. Бул референдумда жеӊилгенден кийин, Г. президенттик посттон кеткен.