ГРАКХТАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРАКХТАР, бир тууган Т и б е р и й (б. з. ч. 163, Рим – б. з. ч. 133, ошол эле жер) ж-а Г а й (б. з. ч. 153, Рим – б. з. ч. 121, ошол эле жер) – Байыркы Римдеги саясий-мамл. ишмерлер. Тектүү ак сөөк үй-бүлөдөн чыгышкан, мыкты билим алышкан. Тиберийдин мамл. жерди пайдаланууну чектөө ж-дө киргизген мыйзам долбоорун элдик чогулуш кабыл алган. Аны жүзөгө ашыруу үчүн агрардык комиссия түзүлүп, бирок ага ири жер ээлери, сенат каршы чыгып, Тиберий элдик трибунду шайлоо убагында падыша болууга умтулган деген жалаа м-н өлтүрүлгөн. Б. з. ч. 123- ж-а 122-ж. элдик трибун болуп шайланган Гай бир тууганы Тиберийдин агрардык мыйзамын калыбына келтирип, башка демокр. реформаларды да жүргүзгөн. Агрардык реформаны италиялык союздаштарына да таратууну, аларга Рим жаранынын укугун берүү мыйзамын сунуш кылган. Бул долбоор Сенаттын, шаардык ж-а кыштактык плебстердин каршылыгын туудурган. Г. бул реформалар м-н Рим дыйкандарынын жакырдануусун токтотууга аракеттенген. Агрардык реформанын натыйжасында 80 жаран жер алган. Бирок, бул реформалар убактылуу гана ийгиликке жетишкен. Б. з. ч. 111-жылдагы мыйзам б-ча сатылган мамл. жер жеке менчикке айланган.
Ад.: Сергеенко М. Е. Земельная реформа Тиберия Гракха и рассказ Аппиана//Вестник древней истории. 1958, ¹ 2.