ГРАММЕМА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРАММЕ́МА – жалпыланган маанидеги граммат. категориянын структурасы-нын майда элементтери. Мис., зат атоочтун сан категориясы – анын жалпыланган маанидеги граммат. категорияларынын бири. Ал эми жекелик сан, көптүк сан ошол жалпыланган сан категориясынын майда бөлүктөрү, б. а. Г. болуп эсептелет. О. эле этиштин жалпыланган жак категориясынын компоненттери болгон 1-жак, 2-жак, 3-жак – анын Г-лары. Ал жалпыланган маанидеги граммат. категория сыяктуу эле бирдиктүү мааниге ж-а ал маанини билдирүүчү бирдиктүү тилдик категорияларга ээ. Г. граммат. категориянын структурасынын ичинде граммат. категорияны бир система катары түзүүчү бири-бирине карама-каршы турган граммат. формалардын катарларынын бири болуп саналат. Мис., өз ара бири-бирине карама-каршы турган учур чак, келер чак, өткөн чактын формаларынын катарлары этиштин граммат. чак категориясынын структурасын түзөт. О. эле «көрдү» деген сөз формасында 3-жактык маани, «көрдүм» дегенде 1-жактык, «көрдүӊ», «көрдүӊүз» дегенде 2-жактык маани бар. Мындай граммат. маанилери б-ча бири-биринен айырмаланса да, алар жалпысынан бир топко – жактык маанилерге биригип, граммат. жак категориясын түзүшөт. Г-нын негизги структуралык түрүн граммат. категориянын мүчөлөрүнүн биринин мааниси