ГЕРКОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕРКО́Н, ж ы л ч ы к с ы з к о н т а к т – жылчыксыз айнек баллонго орнотулган ферромагнит материалынан жасалган пружина контакттуу туташтыргыч. Айнек түтүккө атайын газ толтурулганда контакт туруктуу иштейт. Электр-магнит орому аркылуу туруктуу ток өткөндө, магнит талаасы пайда болуп, контакттар биригет. Ток жүрбөй калганда же азайганда, жалпак контакттар өздөрүнүн серпилгич күчүнүн аракетинен улам кайра ажырайт. Г. электр тизмегин туташтыруучу, кайра бириктирүүчү ж-а ажыратуучу болуп айырмаланат. Ал телефонияда (реледе, коммутатордо ж. б.), эсептөө техникасында (логикалык, суммалоочу элементтерде ж. б.) колдонулат.