ГЕРМАНИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРМА́НИЙ (Germanium), Ge – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобундагы хим. элемент. Катар н. 32. ат. м. 72,59. Массалык сандары 70, 72 – 74, 76 болгон туруктуу изотоптору белгилүү. 1871-ж. Д. И. Менделеев өзүнүн мезгилдик законунун негизинде Г-дин негизги касиеттерин алдын ала айтып, ал касиеттери б-ча кремнийге окшош болгондуктан, аны «экасилиций» деп атаган. 1886-ж. немец окумуштуусу К. Винклер бул элементти ачып, өз өлкөсүнүн урматына «германий» деп атаган. Г. жаратылышта таза кездешпейт. Ал минералдарда, нефть сууларында, көмүрдө, өсүмдүктө, балырда болот. Жер кыртышынын 4.10–4%ин (массасы б-ча) түзөт. Г.– металл сымал жалтырак, катуу зат; тыгызд. 5,35 г/см3; б. эрүү t 958,5°С; кайноо t 2850°С. Хим. бирикмелеринде окистенүү даражасы +4 ж-а +2. Кадимки шартта туруктуу, концент. күкүрт к-тасында ж-а падыша арагында жай эрийт. Абада 700°Сден жогорку темп-рада Г. оксидин GeO ж-а кош оксидин GeO2 пайда кылат. Ысытканда галогендер м-н аракеттенип, тиешелүү тетрагалогениддерди берет. 1000°Сде күкүрт м-н аракеттенип, сульфиддерди (GeS, GeS2), суутек м-н Г-дин суутектүү бирикмесин ж-а металлдар м-н германиддерди пайда кылат. Г. түстүү металлургия өнөр жайында GeO оксидин 700°Сге чейин ысытып калыбына келтирүүдөн алынат: GeO + 2H2= 2Ge + 2H2O. Г. жарым өткөргүч катары радиотехникада, куймалардын курамында, линза материалдары катары инфракызыл нурун алууда ж-а электр аспаптарында колдонулат.