ГЕРЦИН БҮКТӨЛҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРЦИ́Н БҮКТӨЛҮШҮ , в а р и с б ү к т ө л ү ш ү – геосинклиналь обл-ндагы тоо тек катмарларынын каледон бүктөлүшүнөн кийин, палеозой заманынын 2-жарымында (девондун аягы – триастын башталышы) болуп өткөн ургаалдуу бүктөлүү. Г. б-нүн натыйжасында тоо системалары (Герцин Европасы ж. б.) – герциниддер пайда болуп, гранитоид интрузияларынын магматизми күчөгөн. «Г. б.» деген аталышты Ортонку Европадагы тоо системасы б-ча фр. геолог М. Бертран берген, «варис бүктөлүшү» деген атты азыркы Саксония, Тюрингия, Бавария обл-нун байыркы аты (Cur Variscorum) б-ча австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Г. б. бир нече фазадан (бретон, cудет, астурий, зааль ж-а пфальц) турат. Бүктөлүүнүн эӊ күчөгөн фазасы таш көмүр мезгилинин оpто ченинен тартып, алгачкы пермь мезгилин кошо камтыган. Жаӊы-Жер a., Таймыр, Урал, Казак Сары-Аркасынын батыш бүлөгү Түш. ж-а Ортонку Тeӊир-Тоо структуралары Г. б-нө кирет. Батыш Европада Түш. Англия, Британ массиви, Борб. Француз массиви, Судет тоолору ж. б., Америкада – Аппалачинын түн. жарымы ж-а Анд тоолорунун борб. бөлүгүнүн чыгышы Г. б. зонасына тиешелүү. Г. б-нүн айрым бөлүктөрү Австралиянын чыгышында, Түн. Африкада ж-а Канада архипелагында да бар.
Г. б. м-н Урал, Алтай, Түн. Кавказ ж-а Казакстандын жез, коргошун, цинк, Урал ж. б. жерлердин платина, хромит, титан-магнетит, асбест кендери байланыштуу. Герциндин гранитоид интрузияларынын натыйжасында Европа, Азия ж-а Чыгыш Австралияда коргошун, жез, калай, вольфрам, алтын, күмүш ж-а урандын көптөгөн кендери пайда болгон. Кырг-ндагы түстүү ж-а сейрек кездешүүчү металлдардын ири кендери Г. б-нө дуушарланган тоо тектерде кезигет. Г. б-ндө пайда болгон алдыӊкы ж-а тоо аралык ойдуӊдарда таш көмүр, калий ж-а таш туздардын ири бассейндери топтолгон.
Ад.: Герцинская складчатость //Большая российская энциклопедия. Т. 7. М., 2008.