ГЕРЦИН ЕВРОПАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ – Ортонку Европада Франциянын борб. бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп ж-а Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү м-н чектешет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон тектон. структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борб. Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орт. темп-расы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм, түздүктөрүндө 500–800 мм. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу ресурстарына бай.