ВАШИНГТОН: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
В́АШИНГТОН – АКШнын борбор шаары. Колумбия федерация округу болуп бөлүнүп, өзгөчө адм. статуска ээ. Өлкөнүн башкы саясий, маданий, ил. борбору. Калкы 706,0 миӊ (2020; а. и. 60%тейи африка-америкалыктар); Чоӊ В-дуку 5,1 млн. Атлантика океанынын жээгинде, Потомак д-нын төмөнкү агымынын боюнда, деӊиз деӊг. 128 м бийиктикте жайгашкан. Ири жолдор тоому. эл аралык аэропорттору (Ж. Ф. Даллес, Балтимор – Вашингтон, Р. Рейган атн.), метрополитен бар. Дарыя порту. АКШнын Конгрессинин чечими м-н 1791-ж. негизделген. АКШнын 1-президенти Ж. Вашингтондун урматынан аталган. 1802-жылдан шаар статусуна ээ. Америка мамлекеттери уюмунун, Эл аралык валюта фондунун туруктуу кеӊештери, Бүткүл дүйнөлүк реконструкциялоо ж-а өнүктүрүү банкынын башкармалыгы жайгашкан. Көптөгөн эл аралык конф-ялар [а. и. Вашингтон конференциясы (1921–22)], массалык коомдук-саясий иш-чаралар, марш, манифестация, митингдер өтүүчү жай. Шаардын алгачкы планын 1791–93-ж. арх. П. Ш. Ланфан мамл.
Ак үй. ишмер Т. Жефферсондун катышуусунда түзгөн. Размери 1010 миль болгон аянтта тик бурчтуу жыш көчөлөр тармагы («стрит»), диагональ проспектилери («авеню») чийилген. Башкы огу дөӊсөөдөгү Капитолийди түздүктө жайгашкан Ак үй, Ж. Вашингтон, А. Линкольндун эстелик ансамблдери м-н байланыштырат. Негизги композициялык түйүндөрү – классицизм стилиндеги ири адм. имараттары. Эски ратуша, казына, патент агентчилиги ж. б. м-н өзгөчөлөнөт. 1870–90-ж. Монументалдык курулуштарынан мамл., деӊиз департаменттери, кенен парк системасы, Ыйык Пётр ж-а Павел собору, Юнион-стейшен вокзалы, шаар куруу ж-а турак жай департаменттери бар. Жоржтаун турак-жай району байыркы аз кабаттуу үйлөрү м-н тарыхый аймак катары коргоого алынган. Жефферсонго, Вьетнамда болуп өткөн согуштун ардагерлерине мемориалдык эстеликтер тургузулган. Потомак д-нын оӊ жээгинде Арлингтон шаар айланасы (Пентагон, 1940–41), Арлингтон улуттук көрүстөнү, Ф. Даллас аэропорту, аэровокзал жайгашкан. В-да өлкөнүн ири ил. борборлору Улуттук ИА (1863; Улуттук изилдөө кеӊеши м-н), Улуттук инж. академия (1964), медицина, Смитсон инттары, аскер-деӊиз обсерваториясы (1930) ж. б. иштейт. Ири ун-ттери: Жоржтаун (1789), Ж. Вашингтон (1821), Колумбия округунун (1851), Галлаудет (1864), Гарвард (1867), Түш.-Чыгыш (1879), Католик (1887), Америка (1879), Тринити-коллеж (1897). Ири китепканалары: АКШ Конгрессинин Сенаттын (1871), Колумбия округу калк (1896) ж. б. Негизги музейлери: Улуттук иск-во, Фрир сүрөт (1906), Хиршхорн (1966), Улуттук портрет ж-а Африка иск-восу гал-лары (1962), Абада сүзүү ж-а астронавтика улуттук (1946), тыӊчылыктын эл аралык ж. б. Кеннеди борбору бир нече театрларды ж-а концерт мекемелерин бириктирет. Театрлары: Улуттук, «Арена стейдж», Вашингтон балети, Вашингтон улуттук операсы; улуттук симфониялык оркестри иштейт. 1986-жылдан жыл сайын эл аралык жаз музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Шаар калкынын 89% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Мамл. аппаратты, эл аралык уюмдарды банк-кредит системасын, ишкерлер чөйрөсүн, камсыздандыруу бизнесин, инфраструктураны, телекоммуникация м-н байланышты тейлейт. В-да ири компаниялар «Gannett» медиахолдингинин, «ХМ Satellite Radio» телерадио-компаниясынын, «Marriott» (бүткүл дүйнөлүк отеллдер тармагы) компаниясынын, финансы концернинин, штаб-квартиралары, о. эле АКШнын коргоо министрлиги, алдыӊкы америкалык компаниялар, коомдук, менчик коммерциялык эмес, мамл. уюмдары жайгашкан. Шаардын экономикасынын башкы тармагын туристтик бизнес (жылына 1 млндон ашык; Канада м-н Мексикадан тышкары) түзөт. Полигр., тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Мезгилдүү басылмалардан «Вашингтон пост», «Ю-Эс-Эй тудей» гезиттери чыгат. Дүйнөдөгү эӊ ири коргоо мекемеси (авиа ж-а космос техникалары), генетика тармагын изилдөөчү компаниялар ж. б. бар. Ад.: Вашингтон// Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006.