ГИББЕРЕЛЛИНДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИББЕРЕЛЛИНДЕР – өсүмдүктү өстүрүүчү фитогормондор. Алардын 60тан ашык түрү белгилүү. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн курамында Г-дин 40тан, ал эми козу карындарда 20дан ашык түрү бар. Аларды ГА1, ГА2, ГА3 ж. у. с. белгилейт. Бардык Г. мол. скелети бирдей болгону м-н бири биринен тиби, саны, функциялык топтордун жайгашышы ж-а өсүмдүккө тийгизген таасири б-ча айырмаланат. Булардын эӊ активдүүсү гиббереллин к-тасы (ГА3) – ак кристалл түрүндөгү зат. Г. өсүмдүктүн тез өсүүчү органдарында (өөрчүп келе жаткан үрөн, өркүн, бүчүр) синтезделет. Өсүмдүктүн өсүүсүн ылдамдатуучу зат катары кеӊири пайдаланылат. Мис., кара куурай м-н зыгырдын буласын, чөптүн түшүмүн көбөйтүү, жүзүмдүн уруксуз сортторунун (кишмиш) түшүмдүүлүгүн, томат мөмөсүнүн жетилүүсүн ж-а өсүмдүк уругунун, пияз түбүнүн, түймөгүнүн тынымын бузуу ж. б. максаттар үчүн колдонулат.
Ад.: Муромцев Г. С., Агнистикова В. Н. Гиббереллины. М., 1984.
К. Т. Шалпыков.