ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. К-талар м-н туздарды пайда кылбайт. Ароматтык Г-дин эӊ жөнөкөйү – гидразобензол. Алар – күчтүү калыбына келтиргичтер. Абадагы О2 бөлмө темп-расында аларды окистендирип, азобирикмелер пайда болот. Жегич чөйрөлөрдө да Г. оӊой окистенет. Мис., гидразобензолду спиртте окистендиргенде, азобензол ж-а Н2О2, ал эми окистенүү-калыбына келүү реакциясында, жогорку темп-рада азобензол ж-а анилин пайда болот. Ароматтык Г. күчтүү калыбына келтиргичтердин таасиринде аминдерди пайда кылат. Г. азобирикмелерге же нитробензолдорго начар калыбына келтиргичти таасир этүү м-н синтезделет. Ароматтык Г. – азобоёкторду алуудагы баштапкы зат, о. эле дары-дармек алууда колдонулат.