ГИДРАРГИЛЛИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРАРГИЛЛИ́Т (гр. heodor – cуу ж-а гр. frgillos – ак чопо), г и б б с и т – суулуу кычкылдардын классына кирүүчү минерал. Хим. формуласы Al[OH]3. Курамында Аl2О3 65,4%. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү ак, бозомук, жашыл. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2,5–3,5. С. салм.

2,4. Алюминий к ы ч к ы л ы н а (Аl2O3) бай тоо тектердин табигый шартта бузулуп, үбөлөнүшүнөн пайда болот. Алюминий алууда мааниси чоӊ. Алюминийдин ж-а темирдин суулуу кычкылдары м-н бирге Г. боксит кенташтарынын курамына кирет. Г-түү бокситтер – алюминийдин сапаттуу кенташы (рудасы).