ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА – жер астындагы суулардын жайгашуу ж-а таралуусун чагылдырган карта. Г. к. гидрогеологиялык съёмканын маалыматтарына таянып, геологиялык карталардын негизинде түзүлөт. Картада суулуу кабаттардын геол. түзүлүшү м-н таралышы, булактар, алардын дебити, тереӊдиги м-н хим, курамы, кудуктар, бургуланган көзөнөкчөлөр, көлдөр, саздар, агын суулар ж. б. көрсөтүлөт. Г. к. ири (1:50 000 ж -а андан чоӊ), орто (1:200 000 – 1:100 000), кичине масштабдагы (1:500 000 ж-а андан да кичине) болуп бөлүнөт. Изилдөөнүн максатына жараша – жалпы, негизги суулуу кабаттар; атайын максаттагы Г. к-ларга ажыратылат. Г. к-га аймактын гидрогеол. шарттарын мүнөздөөчү түшүндүрмө текст кошо берилет. Азыркы учурда КМШнын аймагынын 1:2 500 000 масштабдагы жалпы Г. к-сы, гидрохим. карта, жер астындагы минералдуу, жылуу ж-а ысык суулар ж. б-дын карталары түзүлгөн. Көп жерлердин 1:500 000 ж-а 1:200 000 масштабдагы карталары бар. Кырг-ндын көпчүлүк өрөөндөрү үчүн кичи масштабдагы (1:500 000), ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас ж-а Фергана өрөөндөрүнүн ири масштабдагы (1:50 000) Г. к-лары түзүлгөн.
К. А. Кожобаев.