ГИДРОДИНАМИКА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОДИНА́МИКА (гидро… ж-а динамика) – гидромеханиканын бир бөлүмү. Кысылбоочу суюктуктардын кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракеттенүүсүн изилдейт. Г. илим катары 18-к-дын орто ченинде түзүлгөн. Аны негиздөөчүлөр Л. Эйлер ж-а Д. Бернулли болгон. Г. теориясында кысылбоочу суюктуктун кыймылын жазуу үчүн үзгүлтүксүздүк теӊдемеси м-н Навье-Стокс теӊдемеси пайдаланылат. Г-нын теӊдемелерин чыгарууда окшоштук теориясына негизделген ж-а окшоштук критерийин пайдаланган Г-лык тажрыйба кеӊири колдонулат. Г. ыкмалары убакыттын каалаган учурундагы ылдамдыкты, басымды суюктуктун ж. б. параметрлерин эсептөөгө мүмкүндүк берип, басым ж-а сүрүлүү күчүн аныктоого түрткү болот. Г. суюктуктун эӊ негизги касиети – анын агуучулугу ж-а туташтыгы деп эсептейт, суюктук кыймылга келгенде, аны м-н идиштин каптал бетинин ж-а суюктук бөлүкчөлөрүнүн ортосунда да сүрүлүү күчү пайда болот. Магнит талаасы бар электр өткөргүч суюктуктардын кыймылын магниттик Г. окутат. Авиациянын өркүндөшү Г-нын техникада колдонулушун күчөттү ж-а бир катар орчундуу жыйынтык чыгарууга түрткү берди. Г. гидравлика, гидрология, гидротехника маселелерин, гидротурбиналар, сордурмалар (насос), суу түтүктөрүнүн эсептөө иштерин чечет. Г-нын азыркы кездеги практикалык колдонулушу өтө ар түрдүү. Ал кеме, самолётторду долбоорлоодон баштап, жер астындагы суу м-н нефтини чыпкалоо маселелерин изилдөөгө чейин кеӊири колдонулат.