ГИДРОИЗОЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРОИЗОЛЯ́ЦИЯ (гидро… ж-а фр. isolation – бөлүнүү, обочолонуу) – констр., имарат ж-а курулмаларды суу ж. б. суюктуктардын таасиринен коргоо, технол. суюктуктун агып кетишин алдын алуу максатында колдонулуучу каражат. Г. имараттарды, курулуштарды ж-а жабдууларды нормалдуу пайдаланууну камсыз кылып, алардын ишенимдүүлүгүн ж-а чыдамдуулугун жогорулатат. Негизги материалдардын түрлөрү б-ча Г. асфальттык, минералдык, пластмассалык ж-а металлдык; түзүлүшү б-ча сырдалуучу, шыбалуучу, желимдөөчү, куюлуучу, сиӊирилүүчү, инъекциялык, көмүлүүчү, орнотулуучу; негизги арналышы ж-а констр-лык өзгөчөлүктөрү б-ча беттик, шпонкалык, кысууга ж-а үзүүгө иштөөчү, тигиш тыгыздагыч ж-а бириктирүүчү, комплекстүү арналыштагы (жылуулук Г., пластикалык компенсаторлор) болуп бөлүнөт. Г-да негизин даярдоо, Г. каптагычын ж-а сактоочу тосмолорду орнотуу, деформациялануучу тигиштерди ж-а биригүүлөрдү тыгыздоо жүргүзүлөт. Баасы ж-а чыдамдуулугу бирдей Г-нын ичинен керектүү түрүн тандап алууда жумушту комплекстүү механикалаштыруу мүмкүндүгүнө артыкчылык берилет ж-а жыл бою колдонулат. Азыркы учурда Г-нын асфальттык шыбалуучу ж-а полимердик сырдалуучу, сиӊирилүүчү ж-а орнотулуучу түрлөрү иштелип чыккан.