ГИДРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОЛО́ГИЯ (гидро... ж-а ...логия) – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды ж-а процесстерди изилдей турган илим. Г. изилдөө объектилерине карата океанология (океан ж-а деӊиз Г-сы), кургактык Г-сы (дарыя, көл, саз Г-сы) ж-а гидрогеологияга (жер астындагы суулардын Г-сы) бөлүнөт. Кургактык Г-сы өз ичинен потамологияга (дарыя ж-дөгү илим), лимнология (көл таануу), саз таануу ж-а гляциологияга (мөӊгүлөр ж-дөгү илим) деп бөлүнөт. Г. геогр. илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология ж-а биология илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Г-нын негизги милдети – табиятта суунун айланышына, ага адамзаттын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деӊгээли, чыгымы, темп-расы ж. б.) мейкиндик ж-а мезгил б-ча өзгөрүүсүнө байкоо ж-а талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү закон ченемин табуу ж-а алдынала болжолдоо (к. Гидрологиялык маалымат). Негизги ыкмалары – Г-лык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги ж-а лабор. эксперименттер. Г-да геогр. жалпылоо, Г-лык аналогия ыкмалары ж-а матем. статистика кеӊири пайдаланылат. Г. башында физ. география, геология ж-а гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-к-дын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Ил. аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кырг-ндын сууларынын Г-сын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон.
Ад.: Огиевский А. В. Гидрология суши. М., 1952; Калинин Г. П. Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г. Общая гидрология. Л., 1973. С. Аламанов.