ГИДРОЛОКАТОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРОЛОКА́ТОР (гидро... ж-а лат. locatio — жайгаштыруу) г и д р о л а к а ц и я л ы к с т а н ц и я – суу алдындагы же жарым-жартылай чөктүрүлгөн объектилердин (суу алдындагы кайыкты же суу үстүндөгү кемени, балыктарды) ордун үн сигналынын жардамы м-н аныктоочу гидроакустикалык станция (прибор). Г. негизинен үн сигналын жиберүүчү, кабыл алуучу ж-а керектүү параметрлерди эсептөөчү бөлүктөрдөн турат. Анын иштөө принциби суу алдындагы нерсеге карай үн сигналын жиберип, ал чагылдырган сигналды кабыл алуу м-н сигналдын барып ж-а чагылып келген убактысын так ченөөгө негизделген. Г-дун жардамы м-н суунун алдындагы нерсеге чейинки аралыкты ж-а ал нерсе канчалык тереӊдиктен орун алганын гана эмес, нерсенин кайсы багытта, кандай ылдамдык м-н жыла турганын да аныктоого болот.