ГИДРОСТАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРОСТА́Т (гидро... ж-а гр. statjs – кыймылсыз) – суу астында ил.-из. иштерин жүргүзүүчү ж-а башка түрдүү жумуштарды аткаруучу аппарат. Ал атайын кемеден зым аркан м-н суу түбүнө түшүрүлөт. Г-ты 1911-ж. амер. инженер Гартман жасаган. Азыркы кездеги Г. бышык материалдардан (болот куймалары, айнек пластика ж. б.) шар же цилиндр формасында жасалып, 1–3 киши бата турган атайын камера түрүндө болот. Ал абаны конденсациялоо системасы, суу астында байкоо жүргүзүүгө арналган прибор, кино, фотоаппарат ж. б. м-н жабдылат. Электр энергиясы, телефон байланышы атайын кабелдин жардамы м-н камсыз кылынат. Г. негизинен 300 м тереӊдикке чейин түшүрүлөт.