ГИДРОТЕРМ ПРОЦЕССТЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОТЕ́РМ ПРОЦЕССТЕРИ – орг. эмес кристалл заттарды гидротермиялык синтездөө, б. а. монокристаллдарды өстүрүү. Процесс оксиддердин, силикаттардын, сульфиддердин ж. б. заттардын 500°С, 10–80 МПа басымда сууда, суу эритмелеринде эрүүсүнө негизделген. Каныккан эритмеден кристаллдык фаза бөлүнүп, толук тазалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Г. п. аркылуу SiO2, силикаттар (СаSiO3, NaN2SiO14), германаттар (Ge2O3), фосфаттар (KNaP4O12, P5O14), сульфиддер (HgS, ZnS, PbS) алынган. Монокристаллдарды алууда автоклавдын алды жагына кристаллдык эмес майда шихталар, ал эми үстү жагына кристалл өсө турган ачыткыч коюлат. Автоклавдын алды жагын көбүрөөк жылытып, конвекциянын негизинде жогорку концент-дагы эритмени үстүнө берүүгө шарт түзсө, ал бара-бара каныккан эритмеге айланып, кристаллдарды пайда кылат. Эриткич катары NaOH, NH4F, H3PO4түн суудагы эритмелери колдонулат.