ГИДРОФИЗИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРОФИ́ЗИКА (гидро… ж-а физика) – Жердин жалаӊ суудан туруучу бөлүгү – гидросферадагы физ. процесстерди изилдөөчү илим; геофизиканын бир бөлүмү. Ал суунун суюк, катуу, газ абалындагы молекулаларынын түзүлүшүн; суунун, кардын, муздун түрдүү физ. касиеттерин; көлмө суулардагы динамикалык, термиялык процесстерди, суунун, кардын ж-а муздун катмарларында жарыктын таралышын, сиӊишин, чачырашын изилдейт. Г. деӊиздердеги ж-а кургактыктагы суунун физикасы болуп бөлүнөт. Д е ӊ и з ф и з и к а с ы океан м-н деӊиздин термиясын, акустикасын, оптикасын, агымынын динамикасын, толкунун, ал эми к у р г а к т ы к т а г ы с у у н у н ф и з и к а с ы өзөндө, көлдө, суу сактагычта, жер астындагы сууларда болуучу физ. процесстерди изилдейт.