ГИПЕРКИНЕЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИПЕРКИНЕ́З (гипер... ж-а гр. kinesis – кыймыл) – нерв системасы орг. ж-а функциялык бузулганда болуучу эрксиз кыймылдар. Ага атетоз, хорея, паркинсонизм ж. б. кирет. Атетоздо негизинен кол эрксиз кыймылдайт, муштум араӊ түйүлүп, жазылбайт же манжалар жазылган бойдон бүгүлбөй калат. Г-дин калтырама түрү көп кездешет. Ал нерв системасынын кайсы бир оорусунда, функциялык бузулууларында, кээде тукум куума болот. Анда киши кыймылдаса да, кыймылдабаса да башы калчылдап, колу калтырай берет, бирок уктаганда жоголуп, бир нерсеге капа болгондо күчөйт. Истериялык невроздордо, о. эле неврастения, психастенияда түрдүү эрксиз кыймылдар пайда болот. Алар мээ кыртышында патол. козголуунун дайыма пайда болушуна байланыштуу.