ГИПЕРОНДОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИПЕРОНДОР (гр. hyptr – жогорку) – массасы нуклондукунан (протон м-н нейтрон) чоӊ ж-а жашоо (өзүнчө болуу) мөөнөтү ядронукунан узагыраак болгон туруксуз элементардык бөлүкчөлөр. Алар адрондорго кирип, бариондор болуп эсептелет. Г. өзгөчө кванттык сандарга ээ: бөтөнчөлүк (S) ж-а К-мезондор м-н кээ бир резонанстар биригип, бөтөнчө бөлүкчөлөрдүн тобун пайда кылат. Г-дун бир нече тиби белгилүү: лямбда (􀁏), сигма (􀂦–, 􀂦0, 􀂦+), кси (􀀻–,􀀻0) ж-а омега (􀀺–), Булардын тажрыйбада байкалган антибөлүкчөлөрү бар. Г-дун бөтөнчөлүгү – терс белгиде (антигиперондор – оӊ). Күчтүү өз ара аракеттешүүлөрдө пайда болуу м-н начар өз ара аракеттешүүдөн орт. 􀁗~1010
сек убакытта Г. бөлүнөт. Бул учурда лептондор бөлүнүп чыгат. Начар өз ара аракеттешүүгө байланышкан бардык бөлүнүүлөрдө бөтөнчөлүктүн өзгөрүшү
байкалат. Бөлүкчөлөрдүн жаӊы мүнөздөмөсү – бөтөнчөлүктү 1955-ж. амер. физик М. Гелл-Манн м-н япон физиги К. Нишижима киргизген. Биринчи Г. (􀁏) 1947-ж. космос нурларында ачылып, алардын бар экени 1951-ж. толук далилденди. Г-ду так ж-а системалуу изилдөө Г. заряддалган бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычтарынын жардамы аркылуу алынгандан кийин мүмкүн болду. 20-к-дын 70-жылдарында 20 – 100 ГэВ энергиялуу заряддалган ж-а нейтралдуу Г-дун шооласы алынды. Г-дун касиети бөлүкчөлөрдүн азыркы кварк моделинин чегинде түшүндүрүлөт. Тез кыймылдаган бөлүкчөлөрдүн ядро м-н өз ара аракеттешүүсүнөн гиперядро пайда болот.