ВЕГЕТАЦИЯЛЫК КӨБӨЙҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

– жыныссыз көбөйүүнүн көп клеткалуу организмдерге мүнөздүү түрү; энелик организмдин бөлүктөрүнөн жаӊы организмдин пайда болушу. Мындай көбөйүү микроорганизмдерде, жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарларда ж-а дээрлик бардык өсүмдүктөрдө кеӊири тараган. В. к. балырларда – таллому м-н, козу карында мицелийдин ж-а споранын бөлүнүшү м-н жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр вегетация органдары м-н көбөйөт. Көпчүлүк өсүмдүктө бүчүрү, жалбырагы, сабагы, тамыры В. к-гө ылайыкталган. Айрым өсүмдүктөр – мурутчасы, түймөгү, пияз түбү, тамыр сабагы; кулпунай, бүлдүркөн, байчечекей ж. б. сойломо сабагы же мурутчалары; картошка, пияз, мандалак түймөктөрү ж-а пияз түбү м-н көбөйөт. Мөмө-жемиш өсүмдүктө тамыры, сабагы м-н көбөйтүү ж-а кыйыштыруу колдонулат. Негизинен жетелеме муруту, чырпыгы ж-а калемчеси м-н көбөйтүлөт. Жетелеме жолу (бүчүрү бар бутакты) энелик өсүмдүктөн ажыратпай жерге ийип топурак м-н көөмп коюп, тамыр байлап өсүп чыккандан кийин энелик өсүмдүктөн ажыратып, өзүнчө отургузат. Калемчесинен көбөйтүүдө өсүмдүктүн белгилүү шартта тамыр байлооого же бүчүрлөөгө жөндөмдүү бөлүктөрү пайдаланылат. Жаныбардын В. к-сү бүчүрлөө жолу м-н жүрөт (гидралар, коралл полиптери). Ичеги көӊдөйлүүлөр, жалпак курттар, деӊиз жылдыздарынын денеси бир нече бөлүккө бөлүнүп көбөйөт.

Ад.: Серебряков И. Г. Морфология вегетативных органов высших растений. М., 1952. К. Т. Шалпыков.