ГИПОТОНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИПОТОНИ́Я, г и п о т е н з и я (гипо... ж-а гр. tjnos – чыӊалуу) – кан басымынын төмөндөшү ж-а булчуӊдардын чыӊалуусунун (тонустун) бошоӊдошу. Кан басымын адамдын курагына ылайык нормадан төмөндөшү а р т е р и я л ы к г и п о т е н з и я деп аталат. Кан басымынын кескин төмөндөшү канды көп жоготуудан болуп, ал коллапстын белгиси болот. Г. физиол. (спортчуларда), симптомдук (туберкулёз, карындын жара оорусу, бөйрөк үстүндөгү бездин начарлашы ж. б. оорулардын белгиси) ж-а биринчилик, б. а. гипотензия же Г. оорусу болуп айырмаланат. Г. нерв-эмоциялык күч келүү, организмдеги өнөкөт инфекция, тамеки чегүү, ичкилик ичүү ж. б. себептерден пайда болот. Оорулуу бат чарчайт, башы оор тартып, жүрөк тушунда жагымсыз сезим пайда болот, ысыкка чыдамсыз келет, ачка болгондо башы айланат, эстен танышы да ыктымал. Кандын жүрөккө вена аркылуу кайтып келүүсү скелет булчуӊдарынын активдүүлүгүнө жараша болот. Ошондуктан Г. м-н жапа чеккендер көп кыймылдашы керек. Анын күчөшүн алдын алуу ж-а дарылоо комплекстүү түрдө жүргүзүлөт. Эмгек ж-а эс алууну жөнгө салуу, дене тарбия, суу процедураларды алуу пайдалуу. Витаминге, клетчаткага бай азыктар м-н бат-бат тамактануу, эртеӊ м-н кофе же кызыл чай ичүү сунуш кылынат.