ГИПОТРОФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИПОТРОФИ́Я (гипо... ж-а гр. trophе – азык, тамак) – балдардын тамактануусунун өнөкөт бузулушунан пайда болгон оорусу. Көбүнчө ымыркай ж-а эмчектеги балада жолугат. Баланын салмагы азайып, арыктайт, өсүүсү начарлайт. Ага баланы туура эмес, бир түрдүү тамактандыруу, абага аз алып чыгуу, ичеги-карын оорулары, эне сүтүнүн жетишсиздиги, боюнда бар аялдын жетишсиз тамактануусу, түрдүү оорулар м-н ооруп калуусу ж. б., о. эле ар кандай жугуштуу оорулар (ич өткөк, ич келте, энтероколит, сальмонеллёздор ж. б.) себеп болот. Организмге тамак жетишсиз келгенде өзүнүн запас белок, углевод, май, витаминдерин сарп кылат, сөөк системасы бузулуп, итий сымал өзгөрүүлөр пайда болот. Организм ачкалыктан арыктап, зат алмашуу, о. эле түрдүү органдардын ж-а нерв системасынын иши бузулат, түрдүү ооруга туруштугу төмөндөйт. Териси кубарып кургайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. 6–7 айлык балдарга жашылчалардан даярдалган пюре ж-а жашылча-жемиш ширелерин берүү пайдалуу. Алдын алууда балдарды туура ж-а сапаттуу тамактандыруу, ден соолугун чыӊдоо, керектүү витаминдерди өз убагында берүү ж-а түрдүү инфекциялык оорулардын алдын алуу, эмдөө керек.