ГИПС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИПС (гр. gepsos – бор, акиташ) – кальцийдин суулуу күкүрт тузу, минерал. Хим. Формуласы CaSO4 . 2H2O. Таза Г-те 32,56% CaO, 46,51% SO3, 20,93% H2O бар. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү түссүз, тунук боз, аппак, кызгылт, күрөӊ, кара. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 1,5–2;

тыгыздыгы 2,3 г/см3. Деӊиз м-н көлдөрдүн түбүндө чөкмө түрүндө ж-а ангидрит минералынын гидратталышынан пайда болот. Курулуш ишинде, кыртышты гипстештирүүдө, майда кооз буюмдар жасоодо, а. ч-да, медицинада, оптикада, скульптурада, боёк даярдоодо кеӊири колдонулат.