ГИПСТЕП ТАӉУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИПСТЕП ТАӉУУ – сөөктүн ачык же жабык сыныктарында, жиликтин башы муундан чыгып кеткенде белгилүү убакытка кыймылсыз абалда кармоо үчүн колдонулуучу тез катуучу таӊуу. Г. т. үчүн туурасы 10–20 см, уз. 2–3 м
бинт же дакиге гипс күкүмүн текши себелеп, жылуу сууга малып, бир аз сыгып туруп, керектүү жерди таӊат. Жаӊы сыныкка же муун чыкканда бутту, колду тегерете Г. т-га болбойт, себеби ал жер шишип кетип, тегерете таӊылган гипс кан тамырларды ж-а нервдерди кысып, кан айлануу жүрбөй калгандыктан, ал жер гангренага айланып кетиши мүмкүн. Туура таӊылган Г. т-дан кийин ал жер оорубаш керек. Эгерде гипс кысып оорутса, манжалар чымыраса, андан кийин көгөрө баштаса, дароо таӊууну узатасынан кесип бошотуу зарыл.