ВЕГЕТАЦИЯ ЫКМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

́ВЕГЕТ́АЦИЯ ЫКМАСЫ – тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идиштер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. В. ы-нын максаты – айрым факторлордун таасирин так айырмалоочу, оӊой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу закон ченемин аныктоо. В. ы. негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу ж-а жарык таасирин, суукка, кургакчылыкка ж-а шорго чыдамдуулугун, жер семирткичтин натыйжалуулугун, топурактын күрдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, о. эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктү илдеттен ж-а зыянкечтерден коргоодо, а. ч. микробиологиясында колдонулат. В. ы-нын жардамы м-н өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы ж-а аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. В. ы-нда өсүмдүк түрдүү жолдор м-н (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү ж. б. шартта) өстүрүлөт. Ад.: Прянишников Д. Н. Вегетационный метод и его роль в агрохимическом исследовании//Избр. соч. Т. 1. М., 1963.