ГИТАРА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИТА́РА (испан. guitarra – кифара) – кылдуу чертме муз. аспап. Г-нын негизги бөлүктөрү: алмурут сымал алды-үстү капкакталган чара, үстүӊкү капкагына добуш жаӊыртуучу тешик, беренелүү моюн, моюндун башында кыл толгоочу бир нече кулак жайгаштырылган. Адегенде ичеги кыл тагышкан, кийин металл ж-а нейлон кыл тагып калышкан. Г. ж-дөгү алгачкы маалыматтар 14–15-к-дагы булактарда кездешет. Испанияда 4 жуп кылдуусу пайда болгон. 17-к-да испан Г-сы деген ат м-н Америкага тараган. 18-к-дан бир жуп кылы алынып, 6 кылдуу Г. кеӊири тарайт. 7 кылдуусу орус Г-сы деген ат м-н 18-к-дын 2-жарымынан баштап белгилүү. Г-нын тизеге коюп плектр (медиатор) м-н ойноочу гавайя түрү (20-к.), оркестр ж-а жаз Г-сы бар. Өркүндөтүлгөн электр Г-лары азыр кеӊири колдонулат. Г. Кырг-нда да тараган. Кыргыз гитарачысы Д. Назарматов элдик бир нече обон-күүнү Г-га ылайыкташтырып иштеп чыккан, о. эле «Гитара күүлөрү», «Гитарада ойноо» аттуу китептерди жазган.