ГЛАЗГО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЛА́ЗГО – Улуу Британиянын түн.-батышындагы шаар, Шотландияда. Клайд д-нын чатындагы порт. Стратклайд аймагынын адм. борбору. Калкы 621,0 миӊ (2017). Калкынын саны б-ча Улуу Британиядагы экинчи, Шотландиядагы эӊ ири шаар. Шаар айланасы м-н (Дамбартон, Гринок ж. б.) Клайдсайд конурбациясын түзөт. Жолдор тоому. Оор машина куруу (а. и. кеме, аскер кемеси, танкер, лайнер ж. б.), металлургия, тигүү, кагаз, тамак-аш-татымал, полигр., электр-тех., авиакыймылдаткычтар, текстиль (килем токуу) өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т (1451), метрополитен, сүрөт мектеби ж-а гал-сы, муз. академия (1929) ж-а музей бар. 6-к. ченде байыркы кельттердин тургун жайынын ордунда пайда болгон. Готика стилиндеги кафедралуу собор (12-к.–16-к-дын аягы) сакталган.