ГЛАЗОВСКАЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЛАЗО́ВСКАЯ Мария Альфредовна [13(26). 1. 1912, Санкт-Петербург – 20.11.2016, Москва] – топурак таануучу, физ. географ, геохимик. Геогр. илимд. доктору (1952). ММУдагы кыртыш географиясы ж-а ландшафттардын геохимиясы кафедрасынын башчысы (1959-жылдан бери), 1939–52-ж. СССР ИА Казак филиалынын кыртыш генезисинин сектор башчысы Казакстан, Кырг-н, Урал ж. б. жерлердин ландшафттарын, кыртышын, алардын генезисин изилдеген. Теӊир-Тоонун орто масштабдуу ландшафттык картасын түзгөн (1958). СССРдин ж-а дүйнөнүн топурак кыртыштары, геохимиясы, кен издөөнүн геохим. методдору ж. б. ж-дө 200дөн ашуун эмгек жазган.
Эмг.: Почвенно-географический очерк Австралии. М., 1952; Природа сыртов Центрального Тянь-Шаня и особенности процессов почвообразования. М., 1955; Основы почвоведения и географии почв. М., 1960 (соавтор); Геохимические основы типологии и методики исследований природных ландшафтов. М., 1964.