ГЛАУКОНИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЛАУКОНИ́Т , г л а в к о н и т (гр. glaukjs – көк жашыл) – гидрослюдалар тобундагы минерал; темирдин суулуу алюмосиликаты. Хим. формуласы (K, Na, Ca)(Fe3+, Mg, Fe2+, Al)2[(Al, Si) Si3O10](OH)2•H2O. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү жашыл, саргыч жашыл, кээде түссүз. Катуулугу

Моос шкаласы б-ча 2–3; тыгыздыгы 2,2–2,9 г/см2. Морт Г. негизинен деӊиз түбүндө пайда болгон чөкмө тоо тектерде (акиташ теги, кумдук, алевролит ылай ж. б.) кезигет. Сууну өзүнө сиӊирип ж-а катион алмаша ала тургандыктан, Г. туздуу сууларды тазартууда, курамында калий арбын болгондуктан, жер семирткич катары ж-а жашыл боёк даярдоодо колдонулат.