ГЛОТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЛО́ТОВ Николай Тимофеевич [8.5.1923, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, Сазановка кыш. (азыркы Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Ананьево айылы) – 1990, Кыргызстан, Кара-Балта ш.] – Даӊк орденинин толук кавалери. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1942-ж. сентябрда Советтик Армиянын катарына чакырылган. Талаа, 2-Украина, 2- ж-а 3-Белорус, 1-Прибалтика фронтторунда согушкан. 1944-ж. 1-июнда Березина д-сынан өтүп, душман м-н салгылашууда анын отряды душмандын 25 жоокерин, Г. өзү тогуз фашисти жок кылып ж-а бешөөнү туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 21-июлунда 3-даражадагы Даңк орденин, 1944-жылдын 5-июлунда Раков, 9-июлда Вильнюс ш-н бошотууда анын отряды 40ка жакын фашистти жок кылып (анын 12си Г-дун жеке эсебине таандык), душмандын бир офицерин туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 20-августунда 2-даражадагы Даңк орденин, 1944-жылдын 30–31-октябрында Динздурбе хутору (Латвиянын Приекуле ш-нын түндүк-чыгышында) үчүн болгон салгылашууда анын взводду душмандын 50дөй солдаты м-н офицерин (а. и. төртөө Г-го таандык) жок кылгандыгы үчүн 1945-жылдын 24-мартында 1-даражадагы Даңк орденин алган. Согуштан кийин 1947-ж. демобилизацияланып, мекенине кайткан.
Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.