ГЛЯЦИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЛЯЦИОЛО́ГИЯ (лат. glacies – муз ж-а ...логия) – жер үстүндөгү табигый муздар (мөӊгү, муздук, кар катмары, суу муздары, тоӊ ж. б.) ж-дөгү илим. Г. муздардын режимин ж-а өнүгүү динамикасын, айлана-чөйрө м-н болгон катнашын, жер бетинин өзгөрүүсүндөгү ролун, ошону м-н бирге кар-муз ресурсун, кар-муз системасынын айлана-чөйрө м-н зат алмашуусун, өзгөрүү кыймылын, азайып-көбөйүшүн, тоо мөӊгүлөрү м-н уюлдук муздуктардын өзгөчөлүктөрүн, планетанын геол. тарыхында муздуктардын ордун изилдейт. Ал өзүнүн теор. ж-а практикалык маселелерин чечүүдө климатология, гидрология, геоморфология, физ. география, механика, физика ж-а математика илимдеринин методдорун кеӊири колдонот. Г. изилдей турган бирдиктүү объект гляциосфера (атмосфера, гидросфера ж-а литосферадагы катуу түрдөгү суу) деп аталат. Г-нын негизги милдеттерин аныктоодо илимпоздордун арасында эки түрдүү көз караш бар. Изилдөөчүлөрдүн бир тобу (С. В. Калесник, М. В. Тронов ж. б.) Г-нын милдети мөӊгүлөрдү гана изилдөө десе, экинчи тобу (П. А. Шумский, Г. Д. Рихтер, И. С. Щукин ж. б.) аны табиятта кезигүүчү бардык муздар, б. а. атм-радагы (суу үстүнө тоӊгон муз ж. б.) ж-а литосферадагы (кар катмары, мөӊгү, жер алдындагы муз ж. б.) муздар ж-дөгү илим деп эсептейт. Бирок, кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, Г-нын негизги изилдей турган объектиси – тоо мөӊгүлөрү, уюл муздуктары ж-а кар көчкүлөр. Жер бетиндеги муздардын 99% ушуларда топтолгон. Кырг-ндын мөӊгүлөрү ж-дөгү маалыматтар 1-жолу 19-к-дын орто ченинде П. П. Семёнов-Тян-Шанскийдин изилдөөлөрүнүн натыйжасында алынган. Кырг-нда 7743 мөӊгү бар, жалпы аянты 8381 км2 (эӊ чоӊ Түш. Эӊилчек мөӊгүсүнүн уз. 58,9 км, туурасы 2–3 км, аянты 613,2 км2, орт. калыӊдыгы 300–400 м), аларда 70 млрд м3 суу топтолгон. Кырг-ндын аймагында ири Г-лык изилдөөлөр С. В. Калесниктин жетекчилиги м-н 2-Эл аралык уюлдук жыл мезгилинде (1930–32) башталып, Кыргыз ССР ИАнын Теӊир-Тоо бийик тоолуу станциясы уюштурулган (1948) ж-а ал Эл аралык геофиз. жылдын станцияларынын катарына кирген учурдан (1957–58) өнүктү. Г-лык изилдөөлөр Г. А. Авсюктун, Р. Д. Забировдун ысымдары м-н байланыштуу. О. эле ил.-из. иштерине А. Н. Диких, А. О. Осмонов, Е. К. Баков, Р. А. Усубалиев салымын кошкон. Кыргыз гляциологдору эрүүнүн гидрометеорол. шарттарын, мөӊгүлөрдүн калыӊдыгын, жылышынын ылдамдыгын, темп-ралык режимин, жылуулук ж-а ным балансын изилдеген. Бул эмгектердин натыйжасында мөӊгүлөрдүн жалпы каталогу түзүлгөн. Анда Кырг-ндын мөӊгүлөрүнүн морфологиясы ж-дө маалыматтар, корутунду мүнөздөмөлөр камтылган.
Ад.: Калесник С. В. Очерки гляциологии. М., 1963; Тронов М. В. Ледники и климат. Л., 1966; Богородский В. Оледенение Заилийского Алатау. М., 1969; Котляков В. Снежный покров Земли и ледники. Л., 1968; Максимов Е. В., Осмонов А. О. Особенности современного оледенения и динамики ледников Киргизского Ала-Тоо. Б., 1995.
А. Осмонов.