ГНЕЙС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГНЕЙС (нем. Gneis – чирик) – метаморфизм тоо теги; массивдүү, көбүнчө жол-жол болгон гранитоид курамындагы кристаллдык сланец. Г. көбүнчө талаа шпатынан, аз өлчөмдө кварц, биотит, мусковит, амфибол, пироксен, гранат, силлиманит ж. б. минералдардан турат. Тыгыздыгы 2500–2900 кг/м3. Г-ке бири-бирине жарыш ж-а жука кат-кат болгон текстура мүнөздүү. Г. табиятта, айрыкча байыркы тоо тектердин арасында көп таралган. Алар о р т о г н е й с т е р ж-а п а р а г н е й с т е р болуп бөлүнөт. Биринчиси – жанар тоо тектердин (кычкыл ж-а орт. курамдагы эффузивдер м-н алардын туфтары), экинчиси чөкмө тоо тектердин метаморфизм процесстеринин натыйжасында өзгөрүшүнөн пайда болот. Г-тер курулуш материалы катары пайдаланылат. Айрым жердеги Г-терде графит кендери кезигет.