ГОЗО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОЗО (Gossypium), п а х т а – гүлкайырлар тукумундагы бир ж-а көп жылдык була өсүмдүгү. Бадал ж-а чөп. Анын 37 түрү белгилүү (32си жапайы, бешөө эгилме). Америка, Азия, Африка ж-а Австралияда өсөт. Буласын алуу үчүн көбүнчө бир жылдык Г. эгилет. Эгилме Г-нун тамыры мыкты өнүккөн, жерге 2,4–2,6 м тереӊ кирет. Сабагы түз, бийикт. 70–200 см, 7–15 каптал бутактары бар. Жалбырагы чоӊ, 3–7 тилкелүү, кезектешип жайгашат. Гүлү ак, сары; кош жыныстуу, өзү м-н өзү чаӊдашат. Кайчылаш чаӊдашканы сейрек кездешет. Косеги чоӊ, 3–5 уялуу чанак, була алынат. Бир чанакта 25–40 урук болот. Уругу сүйрү, айрымдары түктүү, 1000 уругунун салм. 80–160 г. Вегетация мезгили 110–145 күн. Уругу 7–10 күндө өнүп чыгат.

Кургакчылыкка чыдамдуу, нымдуу, жылуу, күнөс жерде, күрдүү топуракта жакшы өсөт. Г.– негизги тех. өсүмдүктөрдүн бири. Г. буласынан кездеме токулат ж-а автомобиль, авиация өнөр жайында пайдаланылат, о. эле кебез, целлюлоза, линолеум, лак, пластмасса, кагаз ж. б. жасалат. 100 кг косектен 34–35 кг була, 55–57 кг урук, 12 кг гозо тыбыты алынат. Уругунан (майлуулугу 22–29%) пахта майы, маргарин, самын алынуучу май, глицерин ж-а стеарин, күнжара (баалуу тоют), урук кабыгынан этил ж-а метил спирти, лимон к-тасы алынат. АКШ, Иран, Индия, Пакистан, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстанда, Кыргызстанда ж-а Казакстандын түштүгүндө, Азербайжанда эгилет. Г-нун 800дөй сорту чыгарылып, анын 130 сорту (50 сорту ичке булалуу) райондоштурулган. Г-го омурткасыздардын 214 түрү (анын 207си муунак буттуулар) ж-а курт-кумурскалар (желелүү кене, гозо бити, гозо үкүчөсү) зыян келтирет (к. Гозо зыянкечтери). Илдеттери: фузариоз, ак балек, гоммоз, тамыр чириги ж. б. (к. Гозо илдеттери).
Ад.: Тер-Аванесян Д. В. Хлопчатник. Л., 1973; Аругюнова Л. Г., Ибрагимов Ш. И. Биология хлопчатника. М., 1980; Справочник по хлопководству. Таш., 1981.