ГОЗО ИЛДЕТТЕРИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОЗО ИЛДЕТТЕРИ – пахтанын түшүмүнө зыян келтирүүчү ак балек, гоммоз, тамыр кара жамасы ж. б. вирустуу илдеттер. Булардын эӊ коркунучтуусу – ак балек. Ал гозонун өсүп-өөрчүүсүн токтотуп, пахтанын түшүмүн эки же андан көп эсе төмөндөтөт. Тамыр кара жамасы м-н гоммоз илдеттери гозону 60–70%ке чейин зыянга учуратат. Г. и-не каршы күрөшүү үчүн илдетке туруктуу жаӊы сортторду чыгаруу, которуштуруп эгүү, чигитти эгүү алдында «ууландыруу», пахта талааларына химикат чачуу сыяктуу чаралар көрүлүп, илдеттүү гозопая орулуп ташталат.