ГОЛАРКТИКА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОЛА́РКТИКА, г о л а р к т и к а о б л у с у (гр. hjljs – бүт ж-а arktiкos – түндүк) – кургактыкта эӊ чоӊ аянтты ээлеген флоралык ж-а зоогеогр. облус (арктогея) Г. түн. жарым шардын дээрлик бардык кургак аймагын, Түн. Америка, Европа, Африканын түндүгү ж-а Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Г-нын түш. бөлүгү түндүгүнөн флоранын көп түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Анын өсүмдүктөрү: татаал гүлдүүлөр, дан өсүмдүктөрү, ыраӊдар, чанактуулар, байчечекейлер ж. б. тукумдардын өкүлдөрү. Көбү – эндемиктер. Бул облус ландшафтынын көп түрдүүлүгү м-н мүнөздөлүп, ага тундра, тайга же ийне жалбырактуу токой, жалбырактуу токой, талаа, жарым чөл, о. эле тоо системалары да кирет. Түштүктөн түндүккө жакындаган сайын мамык чөптөр, эӊилчектер, козу карындар көп учурайт. Г. Жер Ортолук деӊиздин, Борб. Европа, Борб. Азия, Чыгыш Азия, бореалдык ж-а Арктикалык болуп өсүмдүктөрдүн бир нече кичи облустарына бөлүнөт. Г. зоогеогр. облусуна (арктогея) кенен ареалды ээлеген белгилүү тукум ж-а уруунун өкүлдөрү (карышкыр, түлкү, коён, каман ж. б.) ж-а бир аз сандагы эндемик түрлөр (куну, көр чычкан, каракур ж. б.) мүнөздүү. Бирок, ландшафтынын көп түрдүүлүгүнө ж-а аймагынын чоӊдугуна карабастан, фауна түрлөрүнүн ж-а систематикалык категориялардын саны өтө аз болот. Түн. бөлүгүндө фаунанын аздыгы ал облустун климатынын катаалдыгына байланыштуу.