ГОЛЛАНДДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОЛЛАНДДАР , н и д е р л а н д д а р (өздөрүн холандерс деп аташат) – эл ж-а улут. Нидерланддын жерг. калкы. Канада, АКШ, Батыш Европа, Африка, Азия, Вест-Индияда да жашашат. Саны 20дан 23 млнго чейин, а. и. Нидерландда 16 995 472 (2013). Нидерланд тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү протестанттар (кальвинисттер, менноиттер, баптисттер), католиктер. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын 2-жарымында азыркы Нидерланддын аймагында негизинен кельт уруулары жашаган. Б. з. башында бул жерге герман уруулары (фриз, батав) көчүп келишкен. Нидерланд аймагынын бир бөлүгүн римдиктер басып алган мезгилде (б. з. ч. 1-к. – б. з. 5-к.) франктар, сакстар отурукташып (б. з. 3–4-к.), кельттер, батавдар м-н ассимиляцияланган. Улуу Карлдын убагында бүткүл Нидерланд обл. Франк мамлекетинин курамына кирип, анын бийлиги кулагандан кийин (843) Чыгыш Франк королдугу бөлүнүп чыккан. 15-к-да Г. Габсбургдардын, 1556-ж-дан Испания бийлигинде болгон. 1579-ж. Утрехт униясы Түн. провинция – Голландия, Зеландия, Утрехт, Гелдерланд, Гронинген, кийин Оверэйесел ж-а Фрисландия м-н бириктирилип, Кошмо провинциялардын респ-касы түзүлгөн. 16-к-да Нидерланд рев-ясынын жеӊиши Г-дын улуттук консолидация процессине түрткү берип, адабий тили, экономикасы ж-а мад-ты тез өнүккөн. 20-к-дын 2-жарымында Нидерланддагы тектеш Г., фламан, фриз элдери бир улутка биригип, нидерланд этносун түзгөн. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук, бакчачылык ж-а гүл өстүрүүчүлүк м-н кесиптенишкен. Калктын көбү шаарларда жашашып, өнөр жай ж-а соода тармагында иштейт, аз бөлүгү айыл-кыштактарда. Г-да байыркы салттар сакталган. Аялдар сайма м-н кооздолгон, асыл таштар чөгөрүлүп, токулган калпак кийишет. Тамак-ашы – негизинен сүт, эт, балык азыктары ж-а жашылча-жемиштер. Улуттук майрамдары катары ыйык Мартин күнү – 11-ноябрь, ыйык Николай күнү – 6-декабрь, жаз майрамы – Масленица, балыкчыларды тосуу ж. б. майрамдалат.