«ГОЛОС ПРОЛЕТАРИАТА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
«ГО́ЛОС ПРОЛЕТАРИА́ТА » – гезит; партиянын Каракол к-тинин ж-а уезддик-шаардык рев-ялык к-тинин органы катары 1918–23-ж. Каракол ш-нда орус тилинде чыгып турган. 1920-жылдын август айынан «Призыв к труду», 1922-ж. сентябрдан «Каракольская правда» деп аталган. Совет өкмөтүнүн декреттери, борб. ж-а жерг. башкаруу органдарынын токтомдору ж-а буйруктары, жерг. ревкомдун чечимдери, уездеги элдин турмушун чагылдырган макалалар, жаӊылыктар ж. б. жарыяланып турган. Ысык-Көлдө Совет бийлигинин орношуна ж-а аны чыӊдоодо маанилүү роль ойногон.